Депутат Абдывахап Нурбаев билим берүү тармагында иштегендерге ипотекалык насыя берүүнүн жолун жеңилдетүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. "Мугалимдердин арасында 6-8 миң сом айлык алгандар бар. Алар ипотекалык насыя алуу үчүн 15 миң сом айлыгы болушу керек. Пайыздык үстөгү да жогору. Ошондуктан бул маселени карап чыгуу керек деп айтканбыз", - дейт Нурбаев.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев насыя берүүнүн жолдорун жеңилдетүү боюнча маселе каралып жатканын айтты.
Жыйында "Кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2017 жана 2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.