4-мартта Бегимай Жаныбекова аттуу интернет колдонуучунун Кыргыздын маданиятын тааныштыруу үчүн Сауд Арабияга кеткен маданият өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму тууралуу жаман деп жазган билдирүүсү коомчулуктун талкуусун жараткан эле. Жаныбекова өзүнүн билдирүүсүндө алар тамактанууда өздөрүн маданиятсыз алып жүрүү менен арабдарды таң калтырууда деген.
Кыргыздан миңден ашык маданият өкүлдөрү Сауд Арабияда өтө турган "Көчмөндөр ааламы" эл аралык фестивалына катышат. Жогорудагы билдирүүдөн кийин "ал жакка бара тургандарга алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү керек болчу" деген пикирлер айтылып, уюштуруучулардын дарегине да сындар айтылды.
Бул боюнча Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын долбоорлор жетекчиси Айнура Темирбекова SUPER.KG'ге маалымат берип, көпчүлүктүн арасынан туура эмес жүрүм-турум жасаган 1-2 адам чыгып калса бардык катышуучуларды жаманатты кылуу туура эмес экенин айтты.
"Фестивалга бара турган адамдарды топторго бөлүп, уюштуруу комитети бардык эрежени түшүндүргөн. Ал жакка такыр эле маданиятсыз адамдар кетти дегенден алыс бололу, буга чейин чет жактарга чыгып эле жүргөн маданият өкүлдөрү кетишти.
Декабрь айында биздин фестивалга катыша тургандыгыбыз белгилүү болду. Чыгармачыл топторду, спортчуларды 30га бөлүп, ар бир топ менен иштештик. Ар бир топко жетекчилер дайындалган. SIM-картаны кантип, кайдан алуу керек дегенден тартып Кыргыздын жүзү катары кантип жүрүү керектиги түшүндүрүлгөн. Ошол жакта жүргөн биздин өкүлдөрдүн аракеттери, иштери тууралуу көбүрөөк чагылдырып, аларды колдоого чакырат элем", - деди Темирбекова.
Ошондой эле ал кыргыз жигиттери кумдан курган шаарча көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жатканын кошумчалап, ал жактан жөнөтүлгөн сүрөттөр менен бөлүштү.
"Кечээ чыгармачыл топту жетектегендердин бири Алтынбек Максүтов бир канча жолу чогулуш өткөнүн кабарлады. Ал чыгармачылык жаатта жогорку деңгээлдеги эмгектерди көрсөтүү үчүн даярдыктарды көрүп жатабыз деди", - деп кошумчалады Темирбекова.
Маалым болгондой, буга чейин 6 учак менен маданият, спорт өкүлдөрү учуп кетишкен. Дагы 3 учак менен кийинки этаптагы маданият өкүлдөрү Сауд Арабияга жеткирилет. Мындан тышкары реквизиттер, жаныбарлар да жөнөтүлгөн.
"Көчмөндөр ааламы" фестивалына 90дон ашык өлкө катышат. Ал 9-мартта башталып, 19-мартка чейин улантылат.