Бүгүн, 5-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйыны өттү.
Комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары боюнча маалымат угулду.
Мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊештин депутаттарынан мыйзам долбооруна бир катар сунуш-пикирлер келип түшкөнүн билдирди.
Жыйынтыгында комитет депутаттарына мыйзам долбоору менен таанышууга, сунуштары менен сын-пикирлерин берүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн эки апталык мөөнөт берүү чечимине келишти. Андан соӊ мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлмакчы.