Бүгүн, 5-мартта КСДП депутат Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп кайтаруу үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кечээ, 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков 3-апрелде аталган партиянын съездин өткөрүү регламентти бузуу болуп эсептелерин айтты.
"Өмүркулов өзүм билемдик менен партиянын съездин өткөрүүсүнө укугу жок. Анткени ал партиянын мүчөсү да, төраганын орун басары дагы эмес. Бул жерде ал элди жана журналисттерди адаштырууда. Съезд тууралуу КСДПнын секретариаты коомчулукка билдирүү жасайт. Ал эми биздин партиянын 3-апрелде боло турган съезди тууралуу маалыматы да жок. Себеби биз 6-апрелде КСДПнын съездин өткөрүүгө даярдануудабыз", - деди Касымбеков.
Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.
Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.