"ИИМ тынч өткөн митингдердин жүрүшүнө кийлигишпейт" дейт Курсан Асанов

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Наталья Никитенко ар бир жарандын тынчтык митингин өткөрүүгө укугу бар экенин айтты. "Тынчтык митинг өткөрүп жаткандарды укук коргоо органдары кармаса жарандардын укугун бузган болуп эсептелет", - дейт ал.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов укук коргоо органынын кызматкерлери тынч өткөн митингдердин жүрүшүнө кийлигишпей турганын айтты. Ал эми жол тосуу менен коштолгон митингдер башка жарандарга, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратуу болуп эсептелет деген пикирин билдирди.

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан