Депутат Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылганы айтылууда. Бул тууралуу УКМК эмне дейт?

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылганы айтылууда. Буга депутаттын Бишкектеги ТЭЦ-2 жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бүгүн SUPER.KG порталына Рыскелди Момбековдун УКМКга келгенин ырастады.

"Депутат суракка чакырылган жок,УКМКнын төрагасы менен жолугушуу өткөрдү", - деди ал. Ошондой эле эл өкүлү ТЭЦ-2 конушунун жашоочулары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү үчүн УКМКга чакырылган деген маалыматты төгүндөдү.

ММКлар депутаттын сөзү боюнча Жогорку Соттун төрайымы арыз жазганын кабарлашкан эле. Жогорку Соттун басма сөз кызматы бул маалыматты текшерип жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан