КСДПнын өкүлдөрү Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын съездин өткөрсө кийинки кадамдары кандай болорун айтышты

Бүгүн, 5-мартта КСДП Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп кайтаруу үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Жыйында "Эгерде 3-апрелде Иса Өмүркулов КСДПнын съездин өткөрсө, сиздер жактан кандай кадамдар болот?" деп берилген суроого КСДПнын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова төмөндөгүдөй жооп берди.
"Иса Өмүркулов өткөрө турган КСДПнын съезди мыйзамсыз болот. Анткени Юстиция министрлигинде расмий түрдө партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, анын орун басарлары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина деп жазылып турат. Алар өткөрсө өткөрө берсин, 6-апрелде мыйзамдын чегинде биз партиянын съездин өткөрөбүз", - деди Кодуранова.
Кодуранова КСДПнын бардык документтери партиянын мыйзамдуу төрагасына катталганын белгиледи.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан. Ага чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.

Былтыр, 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан