Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Экономика министри Олег Панкратов азыркы учурда 6 аймактык кепилдик фонд бар экенин айтып, алардын бюджети 3 миллион сомдон 6 миллион сомго чейин экенин билдирди.
Ал эми депутат Гүлшат Асылбаева Улуттук банктын төрагасына "Кыргыз мамлекетине кепилдик фонддордун кереги бар беле?" деген суроо узатты.
Эл өкүлүнүн суроосуна Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Биз аны керек деп гана эмес, биз толугу менен өкмөттүн көз карашын колдойбуз. Себеби финансылык систем этап менен өнүгөт. Өкмөт тарабынан кепилдик фонд түзүлгөндөн кийин бул багытка көптөгөн капитал жумшалган жана келечекте дагы жумшоо каралууда. Бул фонддун иштей турган убактысы келди", - деди ал.