"Мен билген аруу аялзаты бар". 8-Мартка карата SUPER.KG'ге кызыктуу баян жазып жөнөтүңүз

8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына саналуу күндөр калды. Мына ошол күндүн урматына "Мен билген аруу аялзаты бар" деген аталышта SUPER.KG порталы окурмандарынан баян күтөт.

Баяндын ичине сизге шык берген, жан дүйнөңүзгө жылуулук ыроологон, балким, кандайдыр бир эрдик кылган аялзаты тууралуу көркөмдөп, сөздүн не бир керемет гүлдөрүн терип жазыңыз. Каарманыңыз - апаңыз, эже-сиңди же карындашыңыз, жубайыңыз, айтор, сиз жакшы билген жана сыйлаган аялзаты болушу мүмкүн.

Көөдөндөн чыккан сөздөрүңүздү +996 557 47 39 39 номерине WhatsApp же Telegram аркылуу жөнөтүшүңүз керек. Сүрөт тиркегенди унутпаңыз. Кызыктуу жана таасирдүү жазылган баяндар SUPER.KG порталына жарыяланат.

Сиз суктанган аялзатына баарыбыз бирге суктаналы!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolkun555
2019-03-05 22:43:18
Мен жакшы коргон периште аял бар.Ал 10 баланы тороп чонойтуп ушул кунго жеткирди.Ошол аялды Супердин атынан 1 мунотко зв кылып куттуктап койсонуздар абдан суйунот эле.0770343060.Сураныч .
+1
admin_portal
2019-03-06 09:15:12
Tolkun555, саламатсызбы! Дал ошол сиз жакшы көргөн аялзатынын урматына "Мен билген аруу аялзаты бар" деген аталышта баян жазып жибериңиз. Кызыктуу жана таасирдүү жазылган баяндар SUPER.KG порталына жарыяланат.
0
KAPAGAT
2019-03-07 14:59:59
Кечээ жазыа жонотком,бирок супер.кг вотсабын ачып да койбоду,кайдыгерчилик...
+3
admin_portal
2019-03-07 17:14:37
KAPAGAT, саламатсызбы! Келген каттардын баары каралат.
0
nazira1989
2019-03-07 21:33:42
Баардык келген каттарды карап көрүп,Апа жонундо жазылгандарын бааааарын эле ар бир гезиттин санында чыгара берсеңер кантет?Менин сунушум.
+1
nurka_85
2019-03-08 17:38:35
Жыйынтык качан бугун болбосо?
0
aikokul14
2019-03-08 21:14:38
Баяндар кайсы жерден орун алды?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан