Бишкекте 16 жаштагы Дастан Нурматов изделүүдө

Бишкектин Октябрь РИИБи тарабынан дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Дастан Нурматов изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан өспүрүм 19-февраль күнү Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен.

Өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр, чачы сары, көзү күрөң, арыкчырай. Үстүндө кара түстөгү куртка, кара кофта, каралжын түстөгү спорттук шым, бутунда кара бут кийим кийип жүргөн.

Октябрь РИИБи сүрөттөгү Дасман Нурматовду көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге байланышууга чакырат.

Байланыш телефону: 0 (312) 54-41-84, 0 (555) 01-17-17, 0 (553) 10-28-39.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан