Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.
"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жооп берди.
Эл өкүлү мамлекеттин үлүшү бар ишканалар да айлык акы тууралуу маалыматты ачык көрсөтүшү керек деген пикирин айтты.
"Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы ачык болушу керек деп ойлойм. Бирок бизде күч түзүмдөрүндө кызматтык керектөөлөр үчүн бериле турган каражат, ИИМге кайсы берене боюнча иш алып барууга бөлүнүп жатканы сыр болушу мүмкүн. Башка мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысы тууралуу маалымат ачык көрсөтүлүшү керек. "Кыргыз алтындын" акционерлеринин 26 пайызы Кыргыз өкмөтү. Ошондуктан бул нерсе коммерциялык сыр болгону туура эмес. "Кыргыз алтын" "Мегаком" жана башка мекемелер сыяктуу эле Кыргыз мамлекети үчүн иш кылып жатат. Алар күч органдары эмес. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчилеринин айлыгы дагы көп экени айтылып келет. Кайсы мамлекеттик кызматта иштегендер канча айлык алганы боюнча портал ачып же башка жол менен маалымат берилгени туура", - деди Исмаилова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Айнуру Алтыбаева, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров жана Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.