Депутат Айсулуу Мамашова: "Мамлекеттин эсебинен каалаган суммада айлык алып отургандар бар, ким канча алганы жарыяланса жакшы болот эле"

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.

"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берди.

Эл өкүлү мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы ачык болгондо элдин ишеними жогору болот деген пикирин айтты.

"Бюджет биринчи кезекте биздин жарандарыбыз төлөгөн салыктан чогулат. Ошондуктан бюджеттен айлык алгандар жөнүндө маалымат ачык болсо туура болот. Кээ бир мекемелер өздөрү акча табышат эмеспи. Аны айлыкка кошуп төлөп берсе болот. Негизи маалыматтын ачык болгону - жоопкерчиликтин бир түрү. Коомчулук сиздин канча айлык аларыңызды билсе, элдин ишеними ошончолук жогору болот. "Мегакомдун" мурунку директорунун айлык акысы көп болчу. Азыр сегиз эсеге азайып, бир топ эле аз айлык алып жатышканы айтылды. Бирок баарында эле эрк жок. Мамлекеттин эсебинен каалаган суммада айлык алып отургандар бар. Ошондуктан ким, канча эмгек акы алганы жарыяланса жакшы болот эле", - деди Мамашова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Аида Исмаилова, Айнуру Алтыбаева, жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров жана Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан