Түркияга иштегени кеткен 22 жаштагы Миргүл Токтоматова декабрь айынан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын апасы билдирди.
"Кызым Түркия мамлекетине 2018-жылдын август айында иштегени кеткен. Ал эми мен эки баласын алып калгам. Бизге байланышка чыгып сүйлөшүп турчу. Акыркы жолу декабрь айында сүйлөштүк. Баласынын туулган күнүнө карата акча салам деген боюнча кабары жок болуп жатат. Биз байланышка чыгат деп күтүп жүрдүк, акыры эки ай убакыт өткөн соң ал жакта иштеген тааныштардан издете баштадым. Кызымды 9-класста окуп жүргөндө ала качып кеткен. Кийин ажырашып кетип, ортодо эки баласы бар", - деди ал.
Сүрөттөгү Миргүл Токтоматованы көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерине байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 46 81 41.