Советтер Союзунун баатыры, биринчи космонавт аял, генерал-майор, коомдук ишмер Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большое Масленниково кыштагында келгин беларустун үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1955-1960-жылдары Ярославль жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуп, 1959-жылдан тартып Ярославлда парашют спорту менен алектене баштаган. Ошол эле учурда текстиль ишканасында жумушчу болуп иштеген.
1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталат. 1963-жылы 16-июнда Терешкова "Восток-6" кемеси менен космоско аттанып, анын учуу мөөнөтү 3 суткага созулган. Терешкованын шарттуу ысымы "Чайка" ("Ак чардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан. Ага чейин 9 эркек адам космоско учкан.
Валентина Терешкова жашоосунун көп бөлүгүн коомдук иштер менен алектенип өткөргөн. Алсак, СССРдин Жогорку Советинин депутаты, Президиумдун мүчөсү болуп иштеген. Ошондой эле Советтик аялдардын комитетин башкарган. 2008-2011-жылдары Ярослав облусунун Думасына "Бирдиктүү Орусия" партиясынан депутат болгон. 2011-жылдан тарта Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты болуп иштеген. Ал эми 2015-жылдан баштап коммерциялык эмес кайрымдуулук фондунун президенти болуп эмгектенген.
Техника илимдеринин кандидаты, профессор, 50дөн ашык илимий эмгектердин автору Терешкова Орусия жана башка чет өлкөлөрдүн бир нече орден жана медалдары менен сыйланган. Ошондой эле ал Калуга, Ярославль шаарларынын жана Улуу Британия, Болгария, Казакстан, Италия, Франция, Словакия өлкөлөрүндөгү шаарлардын ардактуу жараны.
Жеке жашоосу
Валентина Терешкова эки ирет турмушка чыккан. Анын биринчи жолдошу космонавт Андриян Николаев экөөнүн ортосунда Елена аттуу кызы бар. Экинчи жолдошу Юлий Шапошников 1999-жылы каза болгон.