Гүлнора Каримова үй камагында экенине карабай Дубайга барып келген деп камакка алынды

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримова Ташкентте камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар республиканын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы декабрь айында 10 жылга эркинен ажыратылган Каримованын жаза өтөө мөөнөтү 5 жылга кыскартылган. Ага алыска чыгууга, уюлдук телефон жана социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынган. Жергиликтүү бийлик Каримованы жаза өтөөдөгү тартипти бузгандыгы үчүн камакка алды. Ал Ташкентте кармалып камакка алынган.

Гүлнора Каримованын кызы Иман да социалдык тармактагы баракчасына: "Болжол менен саат 19:00 чамасында Башкы прокуратуранын кызматкерлери батириме кирип келишип, 2018-жылдын июнь айынан бери мени менен жашап жаткан апамды алып кетишти. Алар алгач бийликтин атынан коркутуп, кийин батирге дагы башка кызматкерлер келип, апамды сүйрөп чыгып белгисиз тарапка алып кетишти", - деп жазган.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Каримова соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин, тагыраагы, 2018-жылдын октябрь айында Дубайга учуп кеткен.

Эскерте кетсек, Гүлнора Каримовага уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurbelek.
2019-03-06 10:08:55
Диктатор, фираун атаңардын убагында талтаңдап жүрдүңөр эле, эми жооп берчү убак келдида, булда аз негизи силерге.
+4
Дарыгер
2019-03-06 11:05:14
Nurbelek., атасы озу каматкан
+8
mamatkerim1968
2019-03-06 12:02:11
Эмне болсо да, кандай болсо да тирүү экен. Өлтүрүп асфальттын астына бастырып салышкан деп атышпады беле.
-2
Samat777
2019-03-06 17:33:47
Жөн койбодунар да байкуш кызды. Анда эмне атасы диктатор болгон үчүнбү? Лола жакшы кыз ачык айрым сыр тутпас калаташ үкенбе
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан