Орусияда заводдон өрт чыгып, 4 Кыргыз жараны жабыркады

Орусиянын Владимир облусунун Гороховец шаарындагы айнек таңгактарды иштетүүчү "Русджам" заводунда өрт чыгып, 4 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Маалыматты ТАСС басылмасы облустук оорукананын башчысына таяп жазды.

Региондун администрациясынын басма сөз кызматы ар кандай күйүк жаракаттарды алып ооруканага түшкөн 4 адам тең Кыргыз жарандары экенин билдирген. Заводдо иштеген дагы 5 адамдын Орусияда мыйзамдуу жүргөнү текшерилмекчи, азырынча ал белгисиз.

Жалпы жонунан 7 адам жабыркаган өрт кырсыгы 5-март күнү кечинде орун алган. Өрт өчүрүү кызматы келгенче 4 чарчы метр аймакты өчүрүүгө жетишкен. Кырсык заводдун курулуш иштери жүрүп жаткан акймактан чыккан. Өрттүн келип чыгуу себеби катары тергөө тобу лактоочу материалдардын күйүшүн эсептөөдө.

Жабыркаган Кыргыз жарандарынын экөөсүнүн абалы оор, аларды Төмөнкү Новгород шаарындагы ооруканага жиберишкен. Ал эми экөө Гороховец шаарындагы ооруканада. Жабыркаган дагы башка 3 адам Орусиянын жарандары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adi.ali94
2019-03-06 11:09:52
Аллах шыфаасын берип эсен аман эл-журтуңарга келип алгыла!!
0
baltabaev
2019-03-07 07:21:17
Шорун курдуу го ай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан