Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда тогуз айда 93 таштанды жайы жоюлду (видео)

2026-жылдын тогуз айында Кыргызстан боюнча 93 таштанды жайы жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, калдыктарды башкаруу боюнча иштер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Калдыктар жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин "Экооператор" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, утилдештирүү жыйымын төлөөчүлөрдү каттоо жана аны чогултуу системасы жолго коюлган.

Мындан тышкары, өлкөнүн суу объектилерин, өзгөчө Ысык-Көлдү коргоо иштери да жүргүзүлүүдө.

"2026-жылдын январь-октябрь айларында суу объектилеринен мыйзамсыз коюлган 180 чакырымдан ашык балык уулоочу тор жана 4 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул министрлик түзүлгөндөн берки эң жогорку көрсөткүч", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда тогуз айда 93 таштанды жайы жоюлду (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан