Сауд Арабиясында өтө турган фестивалга кыргыз улакчыларын Жыргалбек Саматов жетектеп барышы мүмкүн

Сауд Арабиясында өтө турган "Көчмөндөр ааламы" фестивалына кыргыз улакчыларын Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Жыргалбек Саматов жетектеп барышы мүмкүн. Маалыматты SUPER.KG`ге Саматов өзү тастыктады.

Анын айтымында, азырынча улакчыларды ким жетектеп барары боюнча анык чечим чыга элек.

"Улакчылардын бир бөлүгү Сауд Арабиясына буга чейин жөнөп кеткен. Калган делегация эртең жөнөйт. Биздин улакчыларды жетектеп барып келүү боюнча мага сунуш түшкөн. Азырынча так чечим чыга элек, бирок улакчылардын делегациясын мен жетектеп барарыма ыктымалдуулук жогору.

Фестивалга бардыгы болуп ар бири 10 оюнчудан турган 5 команда катышат. Улакчылардын арасында 7 облустун өкүлдөрү бар", - деди Саматов.

Белгилей кетсек, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, президент Жыргалбек Саматов "Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйынына катышып, кыргыз көк бөрүсүнүн намысын коргогон жок" деген жүйө менен кызматынан алынган. Анын ордуна федерациянын президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланган.

Саматов SUPER.KG порталына курултай федерациянын эрежелерин бузуу менен өтүп, аны легитимдүү деп эсептөөгө болбой турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2019-03-06 12:34:04
Келгиле кыргыздар озубуздун маданиятыбызды арабтарга коргозуп коелук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан