Бишкек шаарында төрөлгөн 4 эмдин үчөө өз алдынча дем алып калды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
"4 эмдин үчөө кыз, бири уул. Учурда 3 кыз өз алдынча дем алып калышты, абалы жакшы. Ал эми эркек бала кичине алсыз болуп, өз алдынча дем ала элек. Учурда ал дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болууда. Ымыркайлардын энесинин абалы да жакшы, ал балдарынын жанында болууда. Эне менен балдар дагы эки жумадай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деди Айгерчинова.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Борбордогу перинаталдык борбордо 25-февраль күнү таңкы саат беште 4 эм жарыкка келген. Балдар ай-күнүнө жетпей 32 жумасында төрөлгөн. Алардын бири эркек бала, үчөө кыз. Ымыркайлардын ара төрөлүп жана салмактары аз болгондуктан алардын абалы алгач оор болгон.