Айыл чарба министри төө буурчактын жаңы үрөндөрүн алып келип, таратуу иштери жүрүп жатканын билдирди

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев төө буурчактын жаңы үрөндөрүн алып келип, таратуу иштери жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Тариел Жоробеков аталган министрлик Талас облусунун дыйкандарына кайсы үрөндөрдү себүү боюнча сунуштамаларды бергенин сурады.

Мурашевдин айтымында, 90 гектар жерге үрөн чарба түзүлдү. "Төө буурчактын жаңы үрөндөрүн алып келип, таратуу иштери жүрүп жатат. Андан сырткары Талас облусунда көп жылдык мөмөлүү дарактарды көбөйтүү боюнча программа жүрүп жатат. Буга жеңилдетилген насыялар каралат", - дейт министр.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Feiza1982
2019-03-06 12:43:26
Эн жакшы жанылык айыл чарбага ,дыйкандарга жардам берилип кам көрүлсүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан