Москвада унаа сүзүп кеткен кыргыз кыздын апасы табылып, ооруканага барды

Москвада белгисиз унаа сүзүп кетип, "Тез жардам" кызматы алып кеткен кыздын апасы табылып, ооруканага кызынын жанына барды. Бул тууралуу маалыматты тараткан Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

"Кыздын апасы байланышка чыкты. Ал да Москвада экен. Ооруканага жаткырылган кызынын жанына барды. Эми аларды укук коргоо кызматкерлерине байланыштырып жатабыз. Кызды ким сүзүп кеткени, жол эрежесин ким бузганы боюнча тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүшү керек. Ал эми жабырлануучунун абалы жакшы", - деп билдирди Кошматов.

Буга чейин жарыялангандай, бүгүн, 6-мартта эртең менен Москвада кыргыз кызын белгисиз унаа сүзүп кеткен. Кыздын аты-жөнү, ким экендиги такталбастан "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kgda
2019-03-06 20:43:43
Кантсе да мээси чайкалып калдыда байкуш кыздын.
0
bond
2019-03-06 21:50:40
Эрте менен көрдүм ошол жерде бирок кызды алып кеткен экен скорий.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан