Бишкекте катталган жол кырсыгында башына арматура сайылып калган айдоочуга операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-март күнү кечинде саат 21:30 чамасында Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө орун алган. Анда 55 жаштагы айдоочу рулду башкара албай жол боюндагы тосмону сүзгөн. Катуу соккудан улам арматура унаанын алдыңкы айнегин тешип кирип айдоочунун башына сайылып калган. Жол кырсыгы болгон жерге барган куткаруучулар арматураны кесип, айдоочуну "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
"Жол кырсыгынан кийин айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер (нейрохирург, окулист, бет-жаак хирургу) консилиум өткөрүшүп, жабырлануучуга операция жасалган. Учурда бейтап эсине келген, абалы жакшырганда нейрохирургия бөлүмүнө которулат. Азыркы тапта ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди Айгерчинова.