Белгилүү окумуштуу, профессор Теңдик Аскаров узакка созулган оорудан улам 4-март күнү 82 жашында дүйнө салган. Бүгүн, 6-мартта Улуттук илимдер академиясында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага маркумдун жакын туугандары, санаалаштары жана окумуштуулар катышты.
Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, мүчө-корреспондент Осмон Тогусаков окумуштуунун өмүр таржымалына кыскача токтолуп: “Теңдик Аскаров илимде өз ордун тапкан, илимий ири эмгек жасаган, адилеттүү адам эле. Бардыгыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына кайрат айтабыз”, - деп айтты.
Коштошуу зыйнатынан кийин маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Теңдик Аскаров 1937-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, 1960-1963-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. Андан кийин Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы, "Кыргызстан маданияты" жумалык гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштеген. Кыргыз Компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.
1986-жылдан тарта Улуттук илимдер академиясынын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенди.
1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактап, 2000-жылы Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.
Аскаров 400дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын, 1 окуу куралынын, 4 макалалар жыйнагынын, 9 брошюранын автору. Анын жетекчилиги алдында бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган. Аскаровдун илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал "Элдердин достугу", "Ардак Белги" ордендери, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, "Даңк" медалы менен сыйланып, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамына ээ болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Теңдик Аскаровдун дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.