Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеӊеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду.
Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөт өкүлдөрүнө жазгы талаа иштери маалында жаздын келиши менен табигый кырсыктардан этият болууга чакырып, алдын ала иш-чараларды көрүү зарылдыгын эскертти.
Жыйынтыгында өкмөттүн жазгы талаа иштерине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын эске алуу менен тиешелүү токтом кабыл алынды.