Бишкекте айдоочусу жок жүргөн такси пайда болдубу? Тийиштүү мамлекеттик кызматтардын жообу

Бүгүн, 6-мартта интернетке Бишкекте айдоочусу жок унаа пайда болгону тууралуу видео тарады.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы SUPER.KG'ге Кыргыз өлкөсүндө азырынча айдоочусу жок унаа жүрүүгө шарт жок экенин белгилеп, бул жөн гана элдин көңүлүн буруу үчүн тамаша иретинде тартылган видео болушу мүмкүн экенин билдирди.

"Автопилотто руль болбойт. Бул катардагы унааны бир жерден экинчи жерге түз эле айдаттырып коюшкан. Айдоочусу жок унаанын жүрүүсүнө бизде шарт түзүлгөн эмес. Ошондуктан бул жөн гана элдин көңүлүн буруу үчүн тамаша иретинде тартылган", - деп кабарлашты башкармалыктан.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин айдоочусу жок жүрө турган унаа каттоодон өтпөгөнүн кошумчалады.

"Бизде айдоочусу жок унаанын жүрүүсүнө мүмкүн эмес. Бул жөн гана такси кызматтарынын бири тарабынан элдин көңүлүн бурдуруу үчүн тартылыптыр. Башкача айтканда, унаанын ичинде айдоочу бар. Ал эми видеодогу унаа Бишкек шаарынын тургунуна катталып, номур берилген", - деп белгилешти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Болушу мүмкүн эмес. Бишкекте айдоочусу жок унаа жүрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
expert.007
2019-03-06 19:25:31
Жорго такси өзүн жакшы рекламалап алды го.
0
bond02
2019-03-06 20:43:56
Айдоочусу жок болсо машинаны мага берип койгула мен айдоочу болуп алайын.
+5
asdef
2019-03-07 13:59:53
Бул водитель отурат чехолдун ичинде эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан