"Уруу болуп бөлүнөбүз дегендер - илгертен иритип саясат жасап келген байкуштар" дейт саясатчы Адахан Мадумаров

Өткөн аптада Бишкекте “Ай тамга Солто” деп аталган коомдун курултайы өттү. Ал иш-чарага "Солто" аттуу коомдун өкүлдөрү да барып, эки коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда уруу-урууга бөлүнүү тууралуу кеп козголуп, пикир-келишпестиктер жаралды. Жалпысынан 800дөй адам барган курултайга саясатчылар да аралашып, бир катар депутат, чиновниктер, экс-премьерлер катышканы маалымдалды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкекте экс-премьерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий-коомдук ишмерлерди бириктирген "Ай тамга солто" коомунун курултайы өттү. Бул көрүнүш Кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далилиби?" деген собол салды.
Саясатчы Адахан Мадумаров уруу болуп өткөрүлүп жаткан курултайлар улутка, мамлекетке катуу сокку ура турган көрүнүш экенин айтты.
"Уруу болуп өткөрүлүп жаткан курултайлар улутка, мамлекетке катуу сокку ура турган көрүнүш. Жогорку кызматка дайындалуу акыл-эсинин өсүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратпайт. Кечээ эле элдин өкүлүбүз, өкмөт башчыбыз, министрбиз деп отурган “азаматтар” дагы деле биз ушул урууга таандыкпыз дешип, мындай жыйындарга барып катышкандыгы алардын сабатсыздыгы же майдалыгы болуп саналат. Бул өтө жагымсыз жана өкүнүчтүү көрүнүш. Мени улут катары өкүндүргөнү алардын арасында жазуучубуз, акыныбыз, академигибиз бар.
"Ай тамга солто" коомунун курултайы өтүп жатканда жаштардын келип "эмне бөлүнүп жатасыңар?" деп маселе койгону аксакалдарга караганда алардын жүрөгү таза экендигинин далили. Бүгүнкү күндө жаштар бөлүнүүнү каалабайт. Ошол бөлүнөбүз деп жаткандар - илгертен иритип саясат жасап келген байкуштар. Алар ушундай жол менен бириге калып, бийликке коңгуроо кагып, "мына ушул урууну биз бириктирип жатабыз, бир ууч кылып кармоодобуз" деген ириген-чириген саясатты жүргүзүүнүн уландысы катары кабыл алсак болот", - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, активист Улан Үсөйүндүн пикирлери бул топтомдо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан