Экс-депутат Равшан Жээнбеков "Азыркы президент дагы мамлекетти трайбалисттик саясатка бурганын байкабай жатат" дейт

Өткөн аптада Бишкекте “Ай тамга Солто” деп аталган коомдун курултайы өттү. Ал иш-чарага "Солто" аттуу коомдун өкүлдөрү да барып, эки коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда уруу-урууга бөлүнүү тууралуу кеп козголуп, пикир-келишпестиктер жаралды. Жалпысынан 800дөй адам барган курултайга саясатчылар да аралашып, бир катар депутат, чиновниктер, экс-премьерлер катышканы маалымдалды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкекте экс-премьерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий-коомдук ишмерлерди бириктирген "Ай тамга солто" коомунун курултайы өттү. Бул көрүнүш Кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далилиби?" деген собол салды.
Бул суроого мурдагы депутат Равшан Жээнбеков жооп берди. Анын айтымында, мындай көрүнүш сөзсүз түрдө түштүктөн президент келгенде аябай күчөйт.
"Өлкөнүн түштүк аймагынан келген президентке Чүйдүн тегерегиндеги "дежур" аксакалдар басым жасоо үчүн ар кандай уруулардын чогулуштарын, талаптарын көтөрүп чыгышып, бийликке жеткиргенге өтүшөт. Ошол аркылуу саясий соода жүргүзүшүп, кызмат алышат жана бийликке тууган-уруктарын сүрөп чыгышат. Ал эми азыркы президент дагы саясатта уруулук-кландык иштер менен алектенип жатат. Бул ишти көп адамдар байкабоосу мүмкүн. Бирок саясатты жакшы билген адамдар өлкө башчынын мындай ишин билип жатабыз. Тилекке каршы, учурдагы президент трайбалисттик көз караштар менен ойноп, ошондой саясатка көңүл бура баштады. Мындай жол менен президент мамлекетти трайбалисттик саясатка бурганын байкабай жатат. Бул бүгүнкүгө да, келечекке дагы коркунучтуу процесс болуп эсептелет", - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, активист Улан Үсөйүндүн пикирлери бул топтомдо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан