Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов: "Ай тамга солто" коомунун курултайын өткөргөндөр өздөрүнүн адамдарына кызмат алып берүү максатын көздөп жатышат"

Өткөн аптада Бишкекте “Ай тамга Солто” деп аталган коомдун курултайы өттү. Ал иш-чарага "Солто" аттуу коомдун өкүлдөрү да барып, эки коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда уруу-урууга бөлүнүү тууралуу кеп козголуп, пикир-келишпестиктер жаралды. Жалпысынан 800дөй адам барган курултайга саясатчылар да аралашып, бир катар депутат, чиновниктер, экс-премьерлер катышканы маалымдалды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкекте экс-премьерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий-коомдук ишмерлерди бириктирген "Ай тамга солто" коомунун курултайы өттү. Бул көрүнүш Кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далилиби?" деген собол салды.
Бул боюнча экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Кыргыздын бийлиги, калкы, улуту баары биригип, эски феодалдык мыйзамдар менен жашап жатканын айтты.
“Бул курултайга баргандар жалаң чиновниктер. Алардын максаты бирөө эле, тактап айтканда, өздөрүнүн кландык адамдарын азыркы бийликке сунуштап, аларга кызмат алып берүү. Мындан тышкары парламенттеги экс-төрагаларды чогултуп жыйын курушууда. Президент дагы экстердин баарын чогулткан. Экс-чиновниктерден акыл чыкса, алар кызматта турган учурунда эле реформа жасамак. Бирөө дагы бир реформа жасаган жок. Эми ошол экстерден акыл чогултабыз дешет. "Ай тамга солто" коомунун курултайы - жогоруда айткандарымдын уландысы. Мындай иштердин натыйжасында Кыргыз өлкөсү артты көздөй кетип бара жатат. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн демократия, реформа кылалы деген бир адам жок”, - деди Абдрахманов.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, активист Улан Үсөйүндүн пикирлери ушул топтомдо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан