Нарын. Нарын облусуна жылына бюджеттен 700 миллион сом бөлүнөт
Мыйзамга кирген жаңы
толуктоо боюнча өлкөнүн бюджетине бир катар кирешелер кирет. Бул тууралуу кечээ Темир Сариев Нарынга жасаган иш сапары учурунда маалымдады. Тактап
айтсак, Салык кодексине “Мындан кийин бардык компания лицензия үчүн салык төлөшөт.
Ал салыктар компаниянын ишмердүүлүгү кайсы жерде жүргүзүлсө, ошол жердин
жергиликтүү бюджетине кошулат” деген толуктоо киргизилген. Жаңы мыйзамдын
негизинде “Кумтөрдүн” тапкан кирешесинин 20 пайызы жергиликтүү бюджетке төлөнүп берилет. Анын 10 пайызы
Ысык-Көл облусуна бөлүнсө, 10 пайызы
Нарын облусуна компенсация катары төлөнөт. Облуска жылына мамлекеттик бюджеттен
700 миллион сом бөлүнөт. Ал эми жылына төлөнүүчү компенсацияны эсептегенде 500
миллион сомго чейин жетет.