Буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгы “Наше право” коомдук фонду менен биргеликте жогорудагы объектинин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында укук коргоо органдарына кайрылышкан.

"Учурда бардык жагдайларды текшерүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Октябрь райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү түшкөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгына аталган объекттин куруу жана монтаждык иштерин убактылуу токтотууга тапшырма берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тогуз кабаттуу үйдүн проектисинин жана курулушка уруксат берүүчү документтерин текшерүүгө алышат.

2012-жылы капиталдык курулуш башкармалыгына көп кабаттуу турак жайдын курулушу үчүн 5-кичи районундагы жер тилкеси мөөнөтсүз колдонууга берилген.