Кечээ, 6-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында малды идентификациялоону кеӊейтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов билдиргендей, колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. "Бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Эркин жүргөн жана короого кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо кеӊейтилүүдө. Мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системи түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолгон. Ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келген. Идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда", - дейт Жумаканов.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.