Аялдардын саясий укуктарын илгерилетүү жана дем берүү темасына арналган улуттук форум өттү

Кыргыз Республикасында аялдардын саясий укуктарын илгерилетүү жана дем берүү темасына арналган улуттук форум өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Замирбек Аскаров катышты.

Замирбек Аскаров өз сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, гендерлик теңчилик ириде социалдык-экономикалык теңдик экенин белгиледи.

"Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына, өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына жана экономикалык өсүүгө шарт түзөт. Учурда республикада өлкөнүн өнүккөн гендерлик мыйзамы түзүлгөн. 2019-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште аялдар 16 пайызды, жергиликтүү кеңештерде 10 пайызды түзөт. Мамлекеттик кызматкерлердин 42 пайызы аялдар болуп саналат", - деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров белгилегендей, Кыргыз Республикасында айыл жерлеринде аялдардын ишкерлиги активдешүүдө.

"Аялдар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк жана айыл туризми сыяктуу тармактарда активдүү иштешүүдө. Айылдарда жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздап, чакан жана орто ишкерлик менен алектенген аялдар көбөйүп жатат", - деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан