Америкалык тележурналист Эйжей Уокер (AJ Walker) биринчи жолу көгүлтүр экранда өзүнүн эли үчүн салттуу болгон африкалыктардын чач өрүмү менен чыкты. "New York Post" басылмасы жазгандай, алпаруучу мындай көрүнүш үчүн дээрлик 10 жылдай күрөшкөн. Репортёр буга чейин ар түрдүү жумуш берүүчү телеканалдарга кайрылып, олуттуу чач жасалгасын күнүмдүк өзүнө ыңгайлуусуна алмаштырууну өтүнүп жүрүп, бирок андан майнап чыкпай келген.
Акыркы чечимди Уокер апасынын өлүмүнөн кийин кабыл алган. Өзү каалаган чач жасалгасы менен эфирге чыккан журналист мындай аракетин апасынын сөөгүн сыйлоо катары баалаган. CBS каналы алып баруучунун бул каалоосун сыйлап, африкалыктардын салттуу чач өрүмү менен телеге чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген.
Журналисттин айтымында, анын чач жасалгасы өзүнө ишенимдүүлүктү тартуулайт. "Менин маданиятымдын бир бөлүгү катары эсептелген бул чач жасалга менен жүрүү жана аны жасоо мага апамдан өткөн. Бул менин өзүмдү баалоомо түрткү, ишеним берет", - дейт журналист.