Курулуш тармагын, чакан жана орто бизнести колдоо керектигин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нурбек Тотонов бүгүн, 7-мартта билдирди.
Жыйында "Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
"Экономиканын 8 пайызын курулуш тармагы түзөт. Экономикага салымын кошуп жаткан тармактарды колдойлу. Чоң унааларды чыгара албайт экенбиз, фабрикаларды кура албайт экенбиз. Ошол себептен курулуш тармагына, чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтөлү. Эгер бул сектор өнүксө элге да пайда болот. Кандай бизнес болбосун баары курулушка байланыштуу, биринчи курулушу болот. Бул нерсе тигүү өнөр жайына да тиешелүү", - деди ал.
Буга Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев: "Биз чогуу иштеп чыгалы деп сунуштадык. Мамлекеттик курулуш департаменти да бул ойду колдоодо, биз да курулуш секторуна колдоо көрсөтүүнү көздөп жатабыз", - деди.