25-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 686 миллион метр кубду түздү

25-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард  686 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата суунун көлөмү 16 миллиард 912 миллион метр кубду түзгөн. Суунун бүгүнкү күнгө карата агып кириши секундуна 652 метр кубду түзсө, былтыркы жылы ушул мезгилде көрсөткүч 505 метр кубду көрсөткөн. Ал эми суунун агып чыгышы секундуна 310 метр кубду түзсө, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 352 метр кубду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан