Орусиянын Москва шаарында 6 күндүк кызын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалган Б.Р.К. аттуу кыргыз келин 6-майга чейин камакка алынды. Мындай чечим Москванын Преображенск райондук соту тарабынан 6-мартта кабыл алынганын "РИА Новости" басылмасы жазды.
Андагы маалыматка караганда, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 127.1-беренесинин негизинде айып тагылууда. Көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык, Б.Р.К. энелик укуктан ажыратылып, 10 жылга чейинки убакытка эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Орусиядагы "Альтернатива" коомдук уюмунун жетекчиси Олег Мельниковдун орусиялык ЖМКларга берген маалыматына караганда, кыргыз келин бир апта мурун Москвага Уфа шаарынан келген. Ошондой эле Мельников ал буга чейин турмушка чыкпагандыгын, бирок дагы эки баласы бар экенин айтууда.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги аталган окуя тууралуу азырынча эч кандай маалымат тарата элек.