Жогорку Кеңеште Германия Кыргыз мамлекетине 40 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат берүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 7-мартта Германия Кыргыз мамлекетине гранттык каражат берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Келишимге ылайык, Германия өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40,1 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенүүдө, анын ичинде 21,1 миллион евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна бөлүнөт.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, гранттык каражаттын 8,5 миллион евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат. "Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарга куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүүгө тийиш. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү", - дейт ал.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabaev
2019-03-08 13:09:38
Жеп калгыла
0
nur_zhoni
2019-03-11 01:23:03
Биздин айылга мектеп салып берсе спорт залы менен жакшы болот эледа мектебибиз эски, ашар жолу менен салынган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан