Кечээ, 7-мартта парламентте өлкө аймагына сымап камтылган товарларды ташып келүү жүрүмүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
Маалыматка ылайык, иштен чыккан сымап камтылган буюмдар уулуу сымаптын жана башка зыяндуу заттар адамдын байыр алуу чөйрөсүнө чыгуу булагы болуп саналгандыктан, аларды тандап чогултуу жана кайра иштетүү зарылдыгы жаралууда. Мындан улам экологиялык жагымсыз өнүмдөргө атайын төлөмдөрдү киргизүү, алынган каражаттарга экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу чаралары каралууда. Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү сымап камтылган өнүмдөрдүн жетиштүү саны анын калдыктарынын көбөйүшүнө, демек, экологиялык тобокелдиктердин деңгээлинин жогорулашына алып келет.