"Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшүнө 250дөн ашык адам катышууда

Бүгүн, 8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү тынч жүрүшкө чыгууда.

Жөө жүрүшкө болжол менен 250-300 адам катышууда. Ага экс-депутаттар жана активисттер да келишти. Жүрүшкө келген кыз-келиндер "Аялдын орду Ак Үйдө", "Менин денем - менин ишим", "Окуган кыз орун табат", "Аял укугу - адам укугу", "Дагы канча Бурулай керек?" деген жана башка ураандары жазылган кагаздарды көтөрүп алышкан.

"Россия" кинотеатрынан башталган жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигине чейин улантылат. Алар түрдүү чакырыктарды айтып жүрүп бара жатышат. Ага келген кыз-келиндердин арасында балдары менен келгендер да бар. Мындан тышкары жүрүшкө эркектер да катышууда. Коопсуздукту Бишкек ШИИББинин кызматкерлери коргоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан