Атаандаштарын лезвие менен тилип салган түрк футболчусу өмүр бою спорттон четтетилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Түркиянын Футболдук-дисциплиналык комитети "Амедспор" клубунун оюнчусу Мансур Чааларды өмүр бою спорттон четтетүү чечимин чыгарып, кошумча 25 миң лира (болжол менен 320 миң сом) айып пул салды. Мындан сырткары Чаалардын иши жергиликтүү полиция кызматы тарабынан изилденип, футболчу абак жазасына дагы тартылышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, бир нече күн мурда Түркиядагы "Амедспор" клубунун оюнчусу Мансур Чаалар беттеш учурунда "Сакарьяспор" клубунун бир канча оюнчусунун денесин лезвие менен тилип салган. Беттештен кийин "Сакарьяспор" клубунун футболчулары тилинген денесин сүрөткө тартып интернетке жүктөп, андан кийин полицияга кайрылышкан. Бирок "Амедспор" клубунун өкүлдөрү бул курулай доомат экенин билдиришкен.
"Амедспор" клубу Түркиянын Диярбакыр шаарында жайгашкан. Диярбакыр шаары өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Күрдистан аймагынын расмий эмес борбору болуп эсептелет. Калкынын көпчүлүгүн күрд улутунун өкүлдөрү түзгөн Күрдистан аймагынын жашоочулары бир топ жылдан бери эгемендик үчүн күрөшүп келет. Аталган аймактын Күрдистан эмгек партиясы террористтик уюм катары таанылып, өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган.
Оюндан кийин "Амедспор" клубунун расмий баракчасы беттеш тууралуу билдирүү тараткан.
"Өткөн беттеште "Сакарьяспор" клубунун оюнчусу Дилавер Гүчлү алгачкы мүнөттөрдөн тартып биздин оюнчуларды жана күйөрмандарды провокацияга алдырууга аракет кылып жатты. Анын улутчулдуктун символу болгон белгилерди көрсөтүп, оюнчуларды кемсинткени алдын ала даярдалган акция болгон. Атаандаш тараптар биздин оюнчу Мансур Чааларды жаманатты кылууга аракет кылып жатышат. Бирок Чаалардын колунда эч кандай лезвие болгон эмес", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми "Сакарьяспор" клубу Стамбул шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Сакарья шаарында жайгашкан. Күрдистандын басылмалары аталган клубдун оюнчусу Дилавер Гүчлү чуу жараткан беттештин алдында "бозкурт" белгисин көрсөткөнүн жазышкан. Боз карышкыр маанисин түшүндүргөн "Бозкурт" уюму Түркиянын улутчулдары тарабынан түзүлгөн радикалдык уюм болуп эсептелет. "Бозкурт" уюму Күрдистандын эгемендүүлүгүнө каршы чакырыктары менен белгилүү.
Айрым маалымат булактары жазгандай, Мансур Чаалардын мындай кылыгы буга чейин да "бозкурт" белгисин көрсөтүп, улуттук өзгөчөлүгүн кемсинткен "Сакарьяспордун" оюнчуларынан өч алууга багытталган. Полиция "бозкурт" белгиси боюнча да иликтөө иштерин баштады. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен "Сакарьяспордун" оюнчулары да жазаланышы мүмкүн.