Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада 25-февралда жарыкка келген 4 эмге ысымдары ыйгарылды. Маалыматты SUPER.KG'ге ымыркайлардын апасы Нурайым Рысмат кызы билдирди.
"Балдардын да, менин да абалым жакшы, туруктуу. Бардыгыбыз ушунча убакыттан бери төртөөнө ат коюуну ойлонуп келдик. Буга чейин эркек балага Сооронбай (ред. өлкө президенти Жээнбековдун урматына), кыздардын бирине Роза (ред. экс-президент Отунбаеванын урматына) деген ысымдар ыйгарылат экен деген жаңылыктарды жазып жиберишиптир. Анын себебин түшүндүрө кетейин. Мен жаңы көз жарып төрөтканада жатканда, 4 эм экенин билип сүйүнгөн апамдын (кайненем) маалымат алганы келген кабарчыларга Сооронбай жана Роза деген аттарды койсокпу деп жатабыз деген сөзү болгон экен. Андан кийин эле менин да, балдардын да абалы айына жетпей төрөлгөндүктөн бир аз коркутуп, туугандарды сарсанаа кылганыбызда ысым ойго келгидей деле акыбалда болушкан жок. Туугандар кеңешип, уулубузга Муслим, үч кызыбызга Акчолпон, Нурчолпон, Акбермет деген ысымдарды ыйгарууга токтолуп жатабыз", - деди Рысмат кызы.
Ымыркайлар жаш эненин биринчи төрөтү. Аларды кесарево жолу менен төрөп, бири эркек бала болсо, үчөө кыз. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм.
Үй-бүлө Талас облусунан болот. Учурда Бишкек шаарында эмгектенип, батирде ижара төлөп жашашат.