Эртең "Кырк чоро" бирикмеси Бишкек мэринин отставкасын талап кылып чыгат

Эртең, 11-мартта "Кырк чоро" бирикмесинин өкүлдөрү Бишкек мэриясынын алдында билдирүү кылышып, мэр Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышат. Бул тууралуу аталган бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Ал "Кырк чорону" колдоп келген эл менен чогуу Суракматовдун отставкасын талап кылуу аракеттери көрүлөрүн айтты.

"Эртеңден баштап Бишкек мэринин отставкасын талап кылган иштерди өткөрөбүз, бирок расмий митингге 13-марттан баштап чыгабыз. Анткени 11-мартта митинг кылууга уруксатыбыз жок. Ошол себептен мэриянын алдына барып, атайын 150-200 адам менен билдирүү берели деп жатабыз. Эмне үчүн мэрия 8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшүнө уруксат берет? Алар аялдардын укугун коргойбуз дешип, ЛГБТ коомчулугунун да жүрүшүн өткөрүштү", - дейт Көчөрбаев.

8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшүнө каршы болуп жаткан "Кырк чоро" аларды гүл менен тосуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nursbaike
2019-03-10 16:15:46
Мер эркек кырк чорого Караганда
-13
Krai
2019-03-10 16:31:46
Эненди эмгир кырк чоро анан эмне гул менен тозуп аласынар озунор
+8
Azat.97
2019-03-10 16:55:49
Мер кетсин!Эч нерсе кыла элек
+6
trabzon11
2019-03-10 17:09:12
Ушул жерде дагы эки жуздуулор
Бар экенда.
+1
Ka2sr1
2019-03-10 17:45:01
Бир - эки фенимистка Кыргызс-ды дун кылдыбы? Бизде киши олтуруп, тоноп, зордуктап турмодон чыккан каракчы кылмышкерлерди бизде сыйлап тосуп алышат экен. Керек болсо аларга налог толоп, аларды ""черныйлар" деп астына барып чоголоп жургон чоро баштар толтура. Эмне учун чоро баштар, андай каракчыларга соз да суйлой алышпайт? Жэ бизде адамдын жанын кыйгандар сыйлуу болуп калдыбы? Эки жуздуу чорочулар аман эле болгула. Ар кимге асыла бербей кочо
+2
Ka2sr1
2019-03-10 17:52:05
шыпыргыла. Кырк чорого тез арада тыйуу салбасанар болбойт. Болбосо буларын ар кимге жабышканын адатка айланта баштады. Эки феминистканын коз карашы кыргызстандын кунумдук жашоосуна эч таасир эте албайт. Ошону билип журолук. Кырк чоронун башчылары жон гана озунорду пиярлап жатасынар. Ал эми чорону ээрчип жургондор жон гана марионеткалар экенсинер. Кыргыздын трагедиясы эки феминмстка эмес. Бугунку чон трагедия - коррупция, кылмыштуулук, билимсиздик, жумушсуздук, развал медицины. Мына чоролор ушул
-3
Ka2sr1
2019-03-10 18:03:12
Эгер булардыкын чын дей берсенер, эртен булар аялдарды кочого чыкпагыла, бетинерди чумкоп алгыла, эркекти карабагыла, эркектин уруксаты жок иш жасабагыла деген сыяктуу арабтардын жапайы шарыятын айта башташат.
-5
Kyrgyz_bloger
2019-03-10 21:28:29
Силер дагы мэрия деле алданып калдынар го дейм,конституцияда ар бир адам митинг кылууга укуктуу деген мыйзамга митинг кылууну мэриядан уруксат сураш керек деген каршы келет го дейм,менин оюмча митингди эч кимден уруксат албай эле кылыш керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан