"Кырк чоро" бирикмесинин өкүлдөрү борбордо "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы айрым катышуучуларын майрам менен куттуктап гүл тартуулашты.
Буга чейин "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев аталган митингге каршы чыгарын жана ал жүрүштүн Кыргыз өлкөсүнө кереги жок экендигин билдирген.
Митинг учурунда "Кырк чоронун" өкүлдөрү жүрүшкө чыккандарга эч кандай тоскоолдук кылган жок, тынч митингдин негизги бөлүгү түшкө чейин аяктап, кийинки бөлүгү саат 15:00гө чейин улантылат.
Бирикменин 6 өкүлү жана анын лидери Замирбек Көчөрбаев жүрүшкө чыккан кыз-келиндерге борбордук аянт аркылуу өтүп бара жатышканда гүл таратышты. Бирикменин өкүлү аялдарды коргоого даяр экенин айтып телефонунун номерин жарыялады.