Бүгүн, 10-мартта Эфиопия Республикасынын Boeing 737 учагы кулап түштү. Учактын ичинде 157 киши болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учак эртең менен Кениянын Найроби шаарына учуп кеткен.
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу кырсыктан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтты. "Учактагы 157 кишинин ичинен каза болгондор да бар. Алардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери изделүүдө", - деп жазат ал.
Кырсык Аддис-Абеба шаарынан алыс эмес жерде орун алган. Ал эми кырсыктан канча адам каза болгону тууралуу азырынча так маалымат жок.