Каскадёр Светлана Аширова Эр-Рияддагы клиникалардын биринде керектүү жардамды алып жатканы айтылды

8-март күнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында "Көчмөндөр ааламы" фестивалына даярдануу учурунда Кыргыз жеринен барган каскадёр Светлана Аширова (Асланайым) оор жаракат алган. Бул тууралуу Акшин Жанузаков аттуу интернет колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, Асланайым циркте өзүнүн кесиптеши экөө ат менен жарышып жүргөн. Анын капталынан дагы бир атчан келип сүзүп, жыйынтыгында кыргыз каскадёрунун оң буту сынып кеткен. Учурда ал Сауд Арабиядагы ооруканалардын биринде жатат.

"Асланайым кырсыктан кийин өзүн жоготуп, бир күндөн кийин эсине келди. Бирок азыр дагы бат-баттан эс-учун жоготуп жатат. Ал жаткан ооруканага Кыргыз делегациясынан бирөө келип абалын сурап койгон жок. Биздин сыймыгыбыз болгон эр жүрөк кызыбызды сактап калуу үчүн жардам берүүбүз керек. Аны Кыргыз мамлекетине же Түркияга алып барып операция жасатууга каражат керек", - деп жазган эле Жанузаков.

Жанузаковдун мындай билдирүүсүнөн кийин интернет колдонуучулар каскадёр Асланайымга колдоо керек деген билдирүүлөрүн жарыялап башташкан. Андан көп өтпөй Кыргыз мамлекетинен "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын уюштуруу комитетинин төрайымы Айнура Темирбекова каскадёрдун абалы жана кандай ооруканада дарыланып жатканы тууралуу билдирүү таратты.

"Учурда Асланайым Эр-Рияддагы эң мыкты клиникада бардык керектүү жардамды алып жатат. Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы кырсык болору менен жаракат алган кызга жардам берип, King Saudi Medical City клиникасына алып келип, ага диагноз коюшкан. Сауд Арабиясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышып, эң мыкты дарыгерлер чакырылган. Учурда дарылануу бекер жүрүп жатат", - деп билдирген.

Бүгүнкү күндө Асланайым жаткан клиникада Салбуурун федерациясынын өкүлү күнү-түнү кароодо экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurdinur
2019-03-10 18:23:21
Начар кабарчылар барган окшойт. Тукумдан кыр издеген. Жалан жаман жактарын жазчуу.
+3
karona12
2019-03-10 18:51:48
Бекер дарылынып атса болуптур да эптеп эле элди чууга салганды жакшы коргондор бар.
+4
bond02
2019-03-10 21:30:51
Анан эмне эле тополон кылып жатасынар жардам керек деп.
+1
Azat.97
2019-03-11 04:07:52
Барып келмегинер бир тозок болду го
+1
E.TARZAN
2019-03-11 09:42:38
Кыргыздын атын чыгарган каскадёр кызыбызга дуба кылып туралык, эсен-аман айыгып өз өлкөсүнө келип алсын! Ооомиин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан