Улуттук статистика комитети: "2018-жылы чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү 2017-жылга караганда 7,6 пайызга азайды"

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 7,6 пайызга кыскарып, жалпы 569 миллион 800 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдады. Анда белгиленгендей, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 46 миллион 600 миң долларга ашты.

Чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2017-жылга салыштырмалуу соода кредиттерин кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү белгиленди. Инвестициялардын негизги көлөмү - 88 пайыздан көбү иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

"КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 11,2 эсеге кыскарган. Германиядан (3,1 эсеге), Кипрден (1,8 эсеге), Кытайдан (19,0 пайызга) жана Улуу Британиядан (3,5 пайызга) кыскарып, алардын төмөндөшүнүн эсебинен инвестициянын көлөмү төмөндөдү. Инвестициялардын 43,1 пайызы Кытайдан келген.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу, тескерисинче, 3,6 эсеге көбөйдү. Орусиядан 24,9 пайызга көбөйдү. Бирок Казакстандан келген инвестиция 1,6 эсеге, Өзбекстандан 2,5 эсеге төмөндөдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан