"Бишкек феминисттик демилгелер" аталышындагы жүрүшкө уруксат берилишине нааразы болуп, мэрдин отставкасын талап кылган "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин лидери милицияга чакыртылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына аталган коомдук бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев өзү тастыктады.
"Бүгүн, 11-мартта Бишкек мэриясына 13-мартта өтө турган митингге уруксат сурап барып, арыз тапшыргандан кийин Бишкек ШИИББине чакыртылдым. Ал жактан "Кырк чоро" бирикмесинин митингинин максаттары, койгон талаптары тууралуу сурашты. Айрым маалымат булактары мени милиция кармап кетти деп жазып жатышат. Мени кармап кетишкен жок, чакыртылдым. Ички иштер башкармалыгына өзүм барып, бардык суроолоруна жооп бердим", - деди Көчөрбаев.