Кыргыз жеринде туулган мушкер АКШлык атаандашын жеңип, 5-жолу Дүйнө чемпиону титулун коргоду

Кыргыз жеринде туулуп, учурда Орусиянын жарандыгын алган мушкер Дмитрий Бивол 5-жолу Дүйнө чемпиону титулун коргоду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, орточо оор салмактагы Дүйнө чемпиону титулу үчүн Бивол менен АКШлык Жо Смиттин беттеши 10-мартта, АКШнын Верона шаарында орун алды. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстар бир добуштан жеңишти Дмитрий Биволго ыйгарышты. Жыйынтыгында 29 жаштагы мушкер 5-жолу чемпиондук титулун коргоп калды.

Бивол 2016-жылы аталган титулду жеңип алган. Буга чейин ал 4 жолу чемпиондук титулун коргоп, Трент Броадхерст, Салливан Баррера, Айзек Чилемба жана Жан Паскаль менен болгон беттештерде мыкты аталган. Жо Смит менен болгон беттеш Биволдун карьерасындагы 16-профессионалдык беттеш болуп, анын баарында жеңишке жетишти.

Дмитрий Бивол 1990-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 2005-жылга чейин бокс боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасынын катарында беттештерге чыгып келген. 2005-жылы Санкт-Петербург шаарына көчүп кетип, Орусиянын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2019-03-11 17:59:13
хм
-1
elchi84
2019-03-11 18:34:04
Кыргызстанда ото кучтуу адамдар чыгат ошолорду эмнеге озубуздун мамалекеттин атынан чыкпайт .
+2
xnurgul_gul
2019-03-11 23:22:08
elchi84,анткени кыргыздар спортчуларга аскерлерге жакшы конул бурбайт толоп бералышпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан