Америкалык Эллисон Опфер аттуу тургун өзүнүн кош бойлуу экенин толготуп жаткан учурда гана билген. Фокус Ньюс порталы жазган маалыматка таянсак, ал ооруканага бөйрөгүмдө таш бар деп кайрылган.
Огайо штатынын жашоочусу Опфердин ичи кескин бурап ооруп, кыйнала баштайт. Кыйналганынан "Тез жардам" кызматын чакырып, дарыгерлер анын бөйрөгүндө таш болгондуктан кескин оору кармап калган деп болжолдошкон. 22 жаштагы бейтапты дароо ооруканага алып жөнөшкөн. Ал жактан бейтаптын ичине ультра үндүү аппарат менен текшерүү жүргүзүп, бөйрөктөгү таштын ордуна анын кош бойлуу экенин аныкташкан. Ал эми Опфердин ичинин чыдатпай ооруганы толгоосунун бышып калганы болгон.
"Эгер мен учурунда "Тез жардам" кызматын чакырбасам, дарыгерлер өлүп калмак экенсиң дешти. Артериялык басым кескин жогорулап кетип, ымыркайга да, өзүмө да коркунуч жаралган экен. Дарыгерлер мени дароо хирургия бөлүмүнө алып кетишти", - деген Эллисон Опфер. Бир саатка созулган операциядан кийин хирургдар эркек уулду жарыкка алып чыгышкан. Ага Оливер деген ысым ыйгарылган.
Жаш эне өзүнүн кош бойлуу экенин, дене түзүлүшү толук болгондуктан курсагынын чоңоюп баратканын деле байкаган эмес. Ал туура эмес тамактануудан жана отуруп алып иштегендиктен толуп кеткендигин айткан.