2019-жылдын январь жана февраль айында республикалык бюджеттин чыгымдары 15 миллиард 259 миң сомду түздү

2019-жылдын январь-февраль айларындагы республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду, ал эми бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар 15 миллиард 259 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин берген маалыматына караганда, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 532 миллион сомго төмөндөдү.

2019-жылдын январь-февралындагы республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттары боюнча чыгашаларынын түзүмү негизги бөлүмдөр боюнча төмөнкүдөй болгон:

1. Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга 7 миллиард 456,9 миллион сом жумшалды.

2. Экономикалык маселелерге – 438 миллион 400 миң сом.

3. Курчап турган чөйрөнү коргоого – 63 миллион 600 миң сом.

4. Турак-жай жана коммуналдык кызматтарга – 350 миллион 100 миң сом.

5. Саламаттык сактоо тармагына – 213 миллион 700 миң сом.

6. Эс алууга, маданиятка жана динге – 273 миллион 500 миң сом.

7. Билим берүүгө – 2 миллиард 545 миллион 800 миң сом.

8. Социалдык коргоого – 1 миллиард 710 миллион 200 миң сом жумшалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан